СТАРШИЙ МАСТЕР
Осмонов Бакыт Сардалбекович
1960-жылы 6-ноябрда Чүй облусунун,Жайыл районуна караштуу
Суусамыр айылында,кызматкердин үй бүлөсүндө туулган.
1978-жылы Суусамыр орто мектебин ийгиликтүү аяктаган соң,
Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин Тарых факультетине өтүп,1983-жылы ийгиликтүү аяктаган.
1992-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарында Кесиптик Билим Берүү системасы боюнча квалификациялык курсун ийгиликтүү аяктаган
Эмгек жолу
Эмгек жолун 1983-жылы Сокулук районунун «Жетикашкаев» атындагы орто мектебинде тарых мугалими,1985-жылы Башталгыч Кесиптик Билим Берүү боюнча Сокулук районундагы №106 «Шопоков» Кесиптик лицейинде
окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, андан соң
Бишкек шаарындагы №97 Кесиптик лицейинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген.
2002-2006 жылдар аралыгында Чүй областынын Билим Берүү территориалдык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.
2006-2008 жылдар аралыгында Чүй областынын Билим Берүү Башкармалыгынын жетекчиси,
Өзүнүн эмгек жолунда Осмонов.Б.С билим берүүгө өзүнун сабаттуулугун,терең чыгармачыл ойлонгонун,билим берүү тарбиялоо боюнча эффективдүү изденүү менен эмгектенген адис катары көрсөтө алды.Мектептердин окуу- материалдык базасын жакшыртуу боюнча көптөгөн инвеститцияларды тартып,Эл аралык «МерсиКо» , «АРИС» Азия Өнүктүрүү Банктары менен кызматташып иш алып барган
Өзүнүн бийик интелегенциясы,коллектив менен жакшы иштерди алып барганды билгендиги менен,областык мектептердин мугалимдерине автаритет топтой алгандыгы үчүн,Ленин райондук администрациясы Осмонов Бакыт Сардалбековичти Бишкек шаарындагы №20Кесиптик лицейинин директорлугу кызматына көрсөтөт.
Азыркы күндө лицейдин окуу материалдык базасын жакшыртуу боюнча көптөгөн иштерди алып барууда.
12жылдын ичинде көптөгөн эл аралык проектилерге катышып,лицейдин билим сапатын материалдык базасын көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Жыл сайын абитуриенттерди кабыл алуу планын ашыгы менен аткарат.
2013-жылы лицейдин базасына «Электр газ ширетүүчү» «Слесарь сантехник» кесибин киргизди. 2019-жылы «Автомобилдерди оңдоочу электрик»
«Автомобилдерди оңдоочу слесарь» кесиптерине лицензия алып окуучулардын жогорудагы кесипке ээ болуусуна жол ачты.
Устат жана мугалимдердин билим деңээлин чеберчиликтерин жогорулатуусуна көңул буруп аларды дайыма семинарларга,кыска мөөнөттүү атайын курстарга жөнөтүп турат.
Талыкпас эмгегинин артында лицейдин окуучулары олимпиадаларга,конкурстарга,катышып көптөгөн сыйлыктарды багындырып келет.Ошондой эле лицейдин кызматкерлери дагы спартакиадаларга катышып сыйлуу орундарга ээ болуп келишет.
Осмонов Бакыт Сардалбековичтин жалпы эмгек стажысы 43жыл.
Кесиптик Билим берүү системасында 38жыл.
Мүнөздөмөсү Токтоо,иштин көзүн билген өз ишине дайыма жоопкерчиликтүү мамиле жасаган,,өзү жетектеген коллективке адилеттүү караган,адамдардагы улуу сапаттарды жогору баалаган өз кесибин мыкты билген инсан.
Жубайы Эсеналиева Светлана экөө эки кыз, бир уулдун ата-энеси .
Беш неберинин сүйүктүү таята тайэнеси.
Тел.ватсап0771173005 Эл.почтасы:[email protected]
Туруктуу жашаган жери: Бишкек шаары. Мкр Жал №29 үй.
Сыйлыктары
Осмонов Бакыт Сардалбекович
КРБилим Берүү жана Илим Министрлиги И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин Ректору М.Д Джаманбаевдин буйругунун негизинде
9 январь 2017-жылдын №20/5 КР.Билим Берүү Илим Министрлигинин
Дипломдук иштерди жактоо,Бүтурүүчү квалификациялык иштер ,
магистр диссертациялары боюнча күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө«Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясынын комиссиялар» төрагалыгына кабыл алынган.
Осмонов Бакыт Сардалбекович
Билим Берүүгө сиңирген эмгеги үчүн КР Билим жана Маданият Министри И.Болжурованын буйругунун негизинде2003жылы 25-сентябрь№584 чечими менен
«Кыргыз Республикасынын билим берүү «отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгегин балоо иретинде14.10.2014жылы Өкмөттүн Ардак белгиси кошо ыйгарылып,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак граммотасы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Билим Берүүнүн отличниги төш белгисинин ээси
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак граммотасынын ээси
КББнун Ардак Граммотасынын ээси
«Мамлекеттик саясат менеджменти» сертификатынын ээсиБилим берүү кызматкерлери үчүн «Өзгөрүүлөрдү башкаруу»тренингинин сертификатынын ээси.