КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ "№20 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ" МЕКЕМЕСИ
  • Меню
  • КЛ20
    • Биз жөнүндө
    • Кызматкерлер
    • Окуу-тарбиялык иштер
    • Усулдук кызматы
    • Аккредитация жана лицензиялар
    • Укуктук-нормативтик актылар
  • Кесиптер
  • Маалымат
    • Сабактардын жүгүртмѳсү
    • Ата-энелер үчүн маалымат
    • Парламент
    • Ийримдер жана секциялар
    • Сыймыктанабыз
    • Маалыматтык — китепкана кызматы
    • Ички тартиби
    • Камкорчулук кеңеш
    • Абитуриенттерге
  • Галерея
  • Структуралык бөлүмдөр
    • 1. Окуу бөлүмү
    • 2. ПУК
    • 3. Кадрлар бөлүмү
    • 4. Бухгалтерия
    • 5. Класс жетекчилер
    • 6. Ө/о устаты
    • 7. Сапат бөлүмү
    • 8. Практика жана өнөктөштөр
    • 9. МТБ
    • 10. Квалификацияны жогорулатуу
  • Вакансиялар
  • Байланышуу
КыргызскийРусский
  • КЛ20
    • Биз жөнүндө
    • Кызматкерлер
    • Окуу-тарбиялык иштер
    • Усулдук кызматы
    • Аккредитация жана лицензиялар
    • Укуктук-нормативтик актылар
  • Кесиптер
  • Маалымат
    • Сабактардын жүгүртмѳсү
    • Ата-энелер үчүн маалымат
    • Парламент
    • Ийримдер жана секциялар
    • Сыймыктанабыз
    • Маалыматтык — китепкана кызматы
    • Ички тартиби
    • Камкорчулук кеңеш
    • Абитуриенттерге
  • Галерея
  • Структуралык бөлүмдөр
    • 1. Окуу бөлүмү
    • 2. ПУК
    • 3. Кадрлар бөлүмү
    • 4. Бухгалтерия
    • 5. Класс жетекчилер
    • 6. Ө/о устаты
    • 7. Сапат бөлүмү
    • 8. Практика жана өнөктөштөр
    • 9. МТБ
    • 10. Квалификацияны жогорулатуу
  • Вакансиялар
  • Байланышуу
  • Главная
  • Новости

Кыска мөөнөттүү курстар

Электро- монтажниктердин 3 айлык курсу

Бүгүнкү күнү же базар экономикасынын шартында энергетикалык система өтө зарыл.

 Жер жүзүндөгү жашоону  энергетикасыз элестетүү мүмкүн эмес андыктан энергетик өтө керектүү кесип.

Кыргызстанда электр монтажниги жана электр ширетүүчү биринчи орунда. Кыска мөөнөт ичинде элекрикти үйрөнүү менен жогорку маянага ээ болосуз. Кыргыз республикасында 20минден-60минге чейин маяна алышат.  Электр монтажниктердин ишине:

-ар түрдүү жөнөкөй электр оноргучторунун жогорку жана төмөнкү электр чубалгыларын жүргүзүү;

-коп кабаттуу элиталык үйлөрдү монтаждоо;

-электр кыймылдаткычтарды монтаждоо;

 -АЭС ЖЭЦ ГЭСтердеги  трансформаторлорду монжтаждоо,  ремонттоо аткаруу жана иштоо кирет.

Электр ширетүүчүлөр (окуу мөөнөтү 3 ай)

Электр жана газ менен ширетүүчү — бул металл буюмдарын жана конструкцияларын ширетүү жана кесүү иштерин жүзөгө ашыруучу адис: монтаждоо, түтүк өткөргүчтөрү, тетиктери, ж.б. . Кесиби кең профилдүү, ширетүүнүн ар кандай түрлөрүн колдонууну камтыйт.  Сизде машина куруудан баштап, агроөнөр жай тармагына чейин каалаган тармакты тандап алууга мүмкүнчүлүк бар.

Коммерциялык же мамлекеттик компанияларда иштеп,профессионалдык билимди алуучу жана кошумча жеке буйрутмаларды кабыл алуучу кесип.

Жеке аяктаган буйрутмалар үчүн мыкты эмгек акы жана автордук сый акы төлөнүчү кесип.

 Электр жана газ менен ширетүүчүлөрдүн кызматы жылдын кайсы мезгилинде болбосун суроо-талапка ээ.

Тролейбустун айдоочусу (окуу мөөнөтү 3 ай )

Тролейбустун айдоочуларын кайра даярдоо курстары контракттык негизде жүргүзүлөт.

Окутуу транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кесиптик даярдоо боюнча бекитилген билим берүү программаларына ылайык жүргүзүлөт.

Тролейбус айдоочуларын окуутуунун мөөнөтү:  3 ай ичинде жүргүнчү тролейбусунда айдоочулук машыгуу жана практика өтөт.

Окуу формасы: күндүзгү окуу сабактарынын бекитилген убактысына ылайык дүйшөмбүдөн жумага чейин .

Теориялык окутуу жана окуу мөөнөтү аяктагандан кийин, айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн  ГСР ПКРдин алдындагы « Унаа » мамлекеттик мекемесинде экзамендер тапшырылат, андан кийин бүтүрүүчүлөргө  өз алдынча иштөөгө уруксат берилет.

— жарандык паспорту

— №083 формасы боюнча медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу справка ( наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көздү текшертүү )

— бирдиктүү үлгүдөгү автомототранспорт  каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды бүткөндүгү жөнүндөгү күбөлүк

— айдоочунун күбөлүгү

— сүрөт 3*4

В,С категорияларына окуу

Коптон бери машина айдоону кыялданып, айдоочунун күбөлүгүн алгын келип жүрөбү? Кайсыл жерден жана жакшы автоунааны үйрөтүүчү жерди издеп жүрөсүңбү?  Бардык каалоочуларды  б категориясына (механика автомат) окуутуу үчүн   чакырат!

Сиздин билим алуунуз сапаттуу жана жеткиликтүү болушу үчүн бизде бардык шарттар бар:

-Тажрыйбалуу инструкторлор;

-Окутуу мезгилинде пайызсыз узартып төлөө;

-Окуу убактысы сиздин убактыңызга ынгайлашат;

-Б категориясына 17жаштан  тартып  кабыл алынат жана окутуу  мөөнөтү 2жарым айга созулат;

-В,С категорияларына окуу мөөнөтү 3жарым ай

Окуунун экинчи жумасына тартып практикалык окуу жүргүзүлөт.

Керектелүүчү документтер:  083 медициналык справка, психологиялык абалын аныктаган наркологиялык текшерүү;

-Сүрөт 3*4 форматындагы 2 сүрөт;

-Паспорттун көчүрмөсү

Ландшафттык дизайнер (окуу мөөнөтү 3ай)

 

Эгерде силер бакчаӊарды же үйлөрдүн айланасын табийгат менен байланыштырып,кооздогуӊар келсе,же жөн эле өзүӊүздөр жашаган жердин айланасын жагымдуу,кооз суктангыдай профессионалдык деӊгээлде жасагыӊыз келсе,анда биздин 3 айлык кыскартылган “Ландшафттык дизайнер” курсу жардам берет.

Бул жерде сиз билимге ээ болосуз

-жыгач жана гүл өсүмдүктөрүнүн түрлөрү

-аларды өстүрүү боюнча айыл-чарба технологиясы жөнүндө

-топурак таануунун негиздери

-өсүмдүктөрдү оорудан жана зыянкечтерден коргоо

Төмөндөгүлөр менен таанышасыз

-жашылдандыруу курулуштарынын негиздери менен

-ландшафттык дизайндын композициялык негиздерин

Сиз төмөнкүлөрдү үйрөнөсүз

-өсүмдүктөр менен иштөө,

-өсүмдүктөрдүн биологиялык жана декоративдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алардын экологиялык муктаждыктарына жараша туура ассортимент тандоо,

-гүлзарларды долбоорлоо

-жеке участокторго өз алдынча долбоор түзүү

-өсүмдүктөрдү туура отургузуу.

 

WeB- дизайнер.

 

Азыркы кундо веб-дизайн боюнча окутуу-заманбап беруунун эң белгилуу багыттарынын бири экендиги эч кимге жашыруун эмес.

Андан тышкары, студенттер гана веб-сайттарды түзүүнү үйрөнгүсү келбейт, ар кандай курактагы жана ар түрдүү кесиптин ээлери да веб-технологиялар жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк билим алууга умтулушат.

 Ар кимдин ар кандай суроо талабы бар:кимдир бироо озунун бизнеси учун жеке веб-сайтты талап кылса, кимдир бироо ийгиликтуу фрилансер болгусу келет, ал эми кимдир бироо IT компаниясында жумушка орношууну кыялданат.

Бирок бул максаттарга жетуу жолу-окуу, окуу жана кайрадан окуу!

Флорист- гүл өстүрүүчү (окуу мөөнөтү 3 ай)

 

Флористика 15 жыл мурун Кыргызстанга келген, бирок чыгармачылыктын бул түрүнө болгон кызыгуу жыл сайын артып баратат. Бош убактыңызды ага арнап, же болбосо аны өз кесибиңизге айландыра аласыз. Шаардык жумушка орноштуруу борбору менен биргеликте ачылган №20 Кесиптик лицейинин Шаардык калкты иш менен камсыз кылуу борбору жана «Гүл Арча» кооздук багбанчылык совхозунун ортосунда түзүлгөн 3 тараптуу келишимдин жардамы менен, биздин курска алгачкы кадамдарды жасоого жардам берет.

Биздин курстарда сиз төмөнкүлөрдү үйрөнөсүз:

— өсүмдүк материалын чогултуу

— анын өмүрүн узартуу үчүн кам көрүү

-өсүмдүктөрдү түсүнө жараша иреттөө

Таанышасыз:

-гүл композицияларын түзүүнүн композициялык жана техникалык негиздери менен

-Европалык жана Япониялык гүлдөрүн жасалгалоо мектебинин өзгөчөлүктөрү менен

-күнөсканаларда өсүмдүктөрдү өстүрүү технологиясы жөнүндө билесиз.

Сиз өзүңүздү чыгармачыл адам деп эсептебесеңиз, бирок таң калыштуусу флористика курсун өздөштүрүп, өзүңүз билбеген чыгармачылык жөндөмүңүздү арттыра аласыз.

Слесарь- сантехник окуу мөөнөтү (3 ай)

Сиз кол өнөрчүлөрдүн бири болуп, жылдын каалаган убагында туруктуу жогорку киреше алгыңыз келеби?

 Туугандарыңыздын суу түтүгү бузулуп калса, адистерге кайрылбастан сизге кайрылышын  каалайсызбы?

Ваннада жана ашканада  эч кандай кошумча чыгымга учурабоону каалайсызбы?
   Анда бизге келип, керектүү жана пайдалуу кесипти өздөштүрүп алыңыз!

Сантехниктер шаардагы жана турак жайлардагы жылытуу жана суу менен жабдуу тутумдарынын иштешин камсыз кылат, санитардык тутумдарды жана жабдууларды орнотуучу катары курулушта иштейт, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кызматкерлери болушат.

ПК колдонуучусу

Компьютерди сабаттуу жана натыйжалуу колдоно билүү бүгүнкү күндүн талабы. 

Бул санариптик дүйнөгө жолдомо жана дээрлик бардык жумушка орношуу үчүн негизги талап. 

Эгерде сиз ишмердүүлүгүңүздүн натыйжалуулугун жогорулатууну, кесиптик абалыңызды көтөрүүнү кааласаңыз, анда биздин лицейде ПК колдонуучулары үчүн курстардан өтүшүңүз керек.  Бул кеңсе программаларын өз алдынча өздөштүрүүгө убактыңызды текке кетирбей, өз ишиңизге көңүл топтоого жардам берет.  

Компьютерди жетиштүү деңгээлде колдонууну билесизби?

  Бул учурда, биз менен бирге компьютер колдонуучулары үчүн негизги курстардан жана алдыңкы компьютер колдонуучулары үчүн уникалдуу окутуу программаларынан өтө аласыз.  Окутуу Microsoft Office өнүмдөрүнүн эң заманбап версияларын колдонуу менен жүргүзүлөт.

Биз менен байланышуу үчүн басыңыз

Поделиться

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий
Читайте также
Заготовитель лекарственно-растительного сырья
18.02.2021 0 204
СЛЕСАРЬ ПО РЕМОНТУ АВТОМОБИЛЕЙ
16.02.2021 0 185
АВТОЭЛЕКТРИК
16.02.2021 0 1074
Дары чөптөрдү даярдоо
02.02.2024 0 141
ЭЛЕКТРОМОНТАЖНИК ПО СИЛОВЫМ СЕТЯМ И ОБОРУДОВАНИЮ, ЭЛЕКТРОСВАРЩИК
18.02.2021 1 320
    • Админ-панель
    • Образование за рубежом

    0312492659; 0500120614

    Кыргызская Республика, город Бишкек, улица Купянская 30а

    © 2025 – КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ "№20 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ" МЕКЕМЕСИ Сайт разработан и поддерживается EDUGATE • Публичная оферта