Биз жөнүндө

№20 Кесиптик лицейи  жөнүндө  кыскача маалымат

 

№20 Кесиптик лицейи 1978 жылы  ССР нын Кыргыз Министирлигинин Кеңеши тарабынан 20 июлда ОПТУ болуп ачылган.

Училищанын биринчи директору  Ларионов Н.А  кийин Бездорная В.П андан кийин Айылчиев Р.Ш  болгон.

Азыркы убакта №20 Кесиптик лицейинин директору Осмонов Б.С

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн токтому 29.03.1995 жылы № 105 Нормативдүү актылардын  негизинде, орто профессионалдык-техникалык училищеден №20 Кесиптик лицейи болуп өзгөрүлгөн.

Лицейдин биринчи бүтүрүүчүлөрү өзүлөрүнүн өндүрүштүк устаттары менен өндүрүштүк устаканалардын түшүлүшүнө жана өнүгүшүнө чоң салымдарын кошуп келишет.

№20 Кесиптик лицейи уюшулгандан бери  №20 Кесиптик лицейи өндүрүштүк ишканаларга миңдеген квалификациялык адистерди даярдап чыгарууда, азыркы учурда Кыргызстанда, жакын жайгашкан коңшу мамлекеттерде  жана чет өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жүрүшөт.

Биздин лицей ишканалар менен тыгыз байланышта иштеп материалдык- техникалык базасын өтө кылдаттык менен бекемдеп алды.

Азыркы убакта № 20 кесиптик лицейи  Республикалык Баштапкы Кесиптик Билим  Берүүдөгү алгачкылардын арасында.

Ошондой эле лицей ичинде   чыгармачылыгын өнүктүрүү жана физикалык жактан ден соолукту чыңдоо боюнча   спорт комплекси жана маданият үйү бар. Ал жерде ар кандай секциялар жана кружоктор бар.

Биздин окуучулар жыл сайын шаар ичинде өткөрүлүп турган олимпиадаларда, таймаштарда жана өздүк көркөм чыгармачылык боюнча конкурстарда байгелүү орундарга ээ болушат.

  1. Училища жогорудагы наамга ээ болгон. «Жогорку маданияттагы училища»
  2. ВЦСПС (Всесою́зный центра́льный сове́т профессиона́льных сою́зов) Эки диплому менен сыйланган  (1985 и 1987 жылдары)
  3. Окуу-тарбиялык иштери үчүн эң жакшы ийгиликтерге жетишкендиги үчүн

1989 жана 1990- жылдары Чолпонбай Тулебердиев атындагы  Советтер Союзунун Баатыры  деген ардак байгеге ээ болгон.

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин районуну Ардак грамотасы менен сыйланган.
  2. Билим берүү системасынын күнүн майрамдоодо Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
  3. Ошондой эле көптөгөн жылдар бою жогорку денгээлдеги жеңиштерди, ардак грамоталарды, мактоо баракчаларын багындырып келе жатат.

Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө

ОКУУ ЖАЙДЫН МИССИЯСЫ 

“Заманбап эмгек рыногунда ийгилике жетүү, атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн ар бир жаш адам кесипке ээ болуп,өздөрүнүн чыгармачыл жана физикалык жөндөмдөрүн өркүндөтө турган билим берүү мейкиндигин түзүү”