Усулдук кызматы

2023-2024 окуу жылындагы лицейдин усулдук темасы

«Кесиптик билим берүүдө заманбап технологияларды компетенциялык билим берүү аркылуу окуу-методикалык иштердин камсыз болушун окутуу процессинде модернизациялоо»

Биздин лицейде 4 усулдук бирикме иштейт.

1Коомдук гуманитардык предметтер усулдук бирикмеси бул бирикмеге жалпы билим берүүчү сабактардан кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, тарых.англис тили, аскерге чейинки даярдык сабагы,дене тарбия сабактары кирет.

2.Так илимдер бирикмеси Математика,физика,химия сабактары кирет.

3.Техникалык бирикме Электро куроочулар,электро ширетүүчүлөр, электро газ менен ширетүүчүлөр,автоэлектрик жана автослесарлар кирет.

4.Агробиологиялык бирикмеге  биология,география, гүл жасалгалоо гүл өстүрүү,дары чөптөрдү чогултуу кирет.

Усулчу жылдык план иштеп чыгып ар бир бирикме көрсөтүлгөн пландын негизинде кезеги менен ачык сабактарды, семинар тренингдерди ,конкурс, кароо сынактарды өткөрүп турушат.Лицейдин усулдук темасынын негизинде «билим берүүдөгү компетенция» боюнча ар кандай семинар тренингдер өткөрүлүп келет.Семинарды тажрыйбалуу окутуучу устаттар жаш устат окутуучуларга өтүп усулдук жардамдарын бер беришет

Усулдук кызматы

№20 Кесиптик Лицейинин директору Толобаев Максатбек Жакшылыкович ВТ-2-23(троллейбус айдоочулары) тайпасына өттү.

Усулдук кызматы

ЦДЛ-23 тайпасынын өндүрүштүк устаты Шаршеналиева Клара Жантаевнанын өндүрүштүк окутуу учуру.

Усулдук кызматы

«Кесип жана жалпы билим берүүдөгү методдор» деген темада биздин тажрыйбалуу өндүрүштүк устатыбыз жана атайын билим берүүдөгү мугалими Шаршеналиева Клара Жантаевна өзүнүн методикасы менен бөлүшүп жаш муундагы мугалимдерге өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп семинар өттү.

Усулдук кызматы

Өндүрүртүк окутуунун устаты Омуралиев Марлис Асантурович электр куроо сабагынан «Электр өткөргучтөрдү куроонун түрлөрү» деген темада ачык сабак өттү.