13-февраль күнү Улуттук Коопсуздук Комитетинин астындагы Чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы полковник Буржуев Чолпон Зарлыкович, Ооган согушунун ардагери подполковник Имангазиев Василий Иманкулович лицейге келишти.
Бул иш-чара 15-февраль Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган күнүнө карата болуп өттү.
Жолугушуу учурунда согуш талаасындагы баатырларча курман болгон мекендештерибизди эскерүү менен бирге, согуш убагындагы коюлган күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу учурундагы кыйынчылыктарды жана кызыктуу окуяларды айтуу менен бөлүшүп, жигиттердин мекенге болгон патриоттук, атуулдук сезимдерин күчөтүүгө багытталган иш-чара болуп өттү.
Комментарии