ФИТО-ТЕХНОЛОГ
Дары чөптөрдү жыйноочу адистер
(9 класстын базасында окуу мөөнөтү 3 жыл)
Фито-технолог кесиби академик Алтымышев.А.А демилгеси менен ачылган. Себеби Кыргызстандын жаратылыш ресурстары бай, табигый дарылануу касиетине ээ. Ушунун негизинде билимдүү , кесибин жакшы билген, дары чөптөрдү чогултуп жана аларды иштеп чыккан адистерге муктажбыз. Академик Алтымышев.А.А жетекчилиги астында
фито-технология кесиби боюнча окуу прогроммалары иштелип чыгарылган.
Сиздер бул кесип боюнча билим алууда төмөнкү сабактарды билип чыгасыздар:
-Анатомия
-Фармакология
-Фармакогнозия
-Латын тили
-Табигый дары өсүмдүктөр
Таанышасыздар:
-Дары чөптөрдүн түрлөрү жана алардын дарылык касиети менен,
-.Дары чөптөрдөн сырьёнун жасалышын
Үйрөнүп чыгасыздар:
-Дары чөптөрдү өстүргөндү.
-Дары чөптөрдү чогултуп топтогонду,
-Дары чөптөрдөн кайнатма, настойка ,аралашма, мазьдарды жасоону,
-Аларды качан жана кайсы маалда пайдаланууну.
Алган билимдин негизинде окуучу андан ары бул кесипти жашоосунда акча табуу жолуна пайдалана алат. Бул кесипти Медициналык жогорку окуу жайында улантса болот. Кесиптик сабакты Медицина илимдеринин кандидаты Жорупбекова.Ж.Ж Кесиптик билим берүүнүн отличниги Таштанова.К.Т өтөт.
Өндүрүштүк практиканы окуучулар ,Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Ботаникалык бакчасынан ,Русичи фарм,Гален фарм ж.б ишканалардан өтөт.
Комментарии