ГҮЛ ӨСТҮРҮҮЧҮ ЖАНА ФИТОДИЗАЙНЕР
Гүл өстүрүүчү жана фитодизайнер
(9-класстын базасында окуу мөөнөтү 3 жыл )
Бул кесип азыркы кездеги базар экономикасында кеӊири жана керектүү кесип болуп саналат.
Биздин лицейде гана ушул кесипке ээ болууга болот. Бул кесипти окууда сиздер биздин окутуучулар тарабынан иштелип чыккан автордук программанын негизинде билим ала аласыздар. Сиздерге тажрыйбалуу окутуучулар билим беришет.
Гул өстүрүүчү фитодизайнер тайпасында төрт ар кандай багыт боюнча билим ала алышат.
1 Теплицада гүлдөрдү туура өстүрүү
2 Ландшафттык дизайн
3 Гүлдөрдү өӊ боюнча жасалгалоо.
4 Гүлдөрдүн аранжировкасы
Окуучулар кесипти үйрөнүү үчүн ар бир кабинет жогорку деӊгээлдеги жабдуулар менен камсыз кылынган.
Дендрология кабинети .Гүл өстүрүү боюнча кабинет.
Флористика лабараториясы, теплица.
Окутуу мезгилинде сиздер төмөнкүлөрдү үйрөнүп чыгасыздар:
1 Теплицада гүлдөрдү туура өстүрүүнү
2 Алардан гүлдөрдүн композициясын жасоону,
3 Интерьер боюнча жасалгалоону
4 Кышкы бакчаны салууну
Таанышасыздар:
Япон аранжировкасынын программасынын техникасы менен,
-Япон волонтёру Мамико Ишикава биздин коллективде 3 жыл иштеп, өзүнүн программасын иштеп чыккан.
Биз менен байланышуу үчүн басыңыз
Комментарии